BAKAIдан белектер
ӨБӨЛГӨЛӨӨЧҮ АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ
«БАКАЙ БАНК» ААКтын «BAKAIдан белектер» акциясы
1. 1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Ушул документ «BAKAIдан белектер» акциясынын баяндоосу (мындан ары – Эрежелер) болуп саналат, «BAKAIдан белектер» акциясын (мындан ары – Акция) өткөрүү тартибин, Акцияга катышуу шарттарын, Белектерди, аларды жеңүүчүлөргө берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле Акциянын башка олуттуу шарттарын аныктайт.
1.2. «BAKAIдан белектер» акциясынын уюштуруучусу болуп “БАКАЙ БАНК” ААК (мындан ары- Банк) саналат.
1.3. Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 2024-жылдын 22-майынан баштап 2024-жылдын 27-августуна чейин (кошо алганда). Акцияны өткөрүү мөөнөтүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун Банк өзүнө калтырат (токтотуу же узартуу). Мөөнөт өзгөргөн учурда Банк – www.bakai.kg (мындан ары – «Банктын Расмий Сайты») аркылуу кардарларга билдирүүгө милдеттүү.
1.4. Акция өбөлгөлөөчү лотерея болуп саналбайт. Жеңүүчүлөрдү аныктоодо кокустук (жеңүүчүлөрдү кокусунан тандай турган алгоритмди колдону) принциби колдонулбайт.
1.5. Акция бардык жеке адамдар үчүн арналган, алар менен кызматташуу төмнкүдөй максаттарга жетүүнү болжолдойт:
· BakAi мобилдик тиркемесине жаңы колдонуучуларды тартуу;
· Банкка жаңы кардарларды тартуу;
· BakAi мобилдик тиркемесинде кызматтарды колдонууну демилгелөө.
1.6. Акцияга төмөнкүлөр катыша алышат:
· BakAi мобилдик тиркемесинин колдонуучусу;
· 16 жашка толгон, ID паспору бар, BakAi мобилдик тиркемесине катталган, КР жараны болуп саналган адамдар.
· Банктын кызматкерлери, ошону менен бирге Акция башталып жаткан күнү Банкта эмгектенишкен промоутерлер, такшалуучулар, декреттик өргүүдөгүлөр.
1.7. Акцияга төмөнкүлөр катыша алышпайт:
· 16 жашка толо элек адамдар.
· Кыргыз Республикасынын резидент эместери.
· Банктын кызмат адамдары, ошондой эле жогорку кызматтагы адамдар жана кызматкерлер (Башкарма мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү), ошондой эле Уюштуруучу менен аффилирленген адамдар.
1.8. Утуш түрүндөгү кирешени төлөө менен байланыштуу болгон салыктарды эсептөө жана төлөө милдетин Уюштуруучу өзүнө алат.

2. ЖАЛПЫ ТЕРМИНОЛОГИЯ

2.1. Кардар —Банктан тейлөө алууну пландаштырган же Банктын тейлөөсүндө болгон, банктык тейлөөгө муктаж болгон жана жогорку мүмкүнчүлүккө ээ болгон, чекене кардар катары кандай өлчөмдөгү болбосун кызматтарды пайдаланган же пайдаланууга ниеттенген Банк үчүн стратегиялык мааниге ээ жеке адам.
2.2. BAKAI мобилдик тиркемесинин жаңы колдонуучусу - BAKAIга өткүлө” рефералдык-маркетинг акциясы башталган датадан кийин Уюштуруучунун расмий маалымат каналдары аркылуу жөнөтүлгөн шилтемелер аркылуу жана/же тиркемелердин расмий дүкөндөрүнөн алгачкы жолу BAKAI тиркемесин жүктөп алган жана Акция жүргүзүлүп жаткан мезгил ичинде аралыктан идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн, BAKAI мобилдик тиркемесинде (мындан ары – BAKAI) же Банктын бөлүмдөрүндө тиркемени жүктөп алган жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн жеке адам.
2.3. BAKAI мобилдик тиркемесинин мурдакы колдонуучусу – рефералдык маркетинг-акциясы башталганга чейин тиркемелердин расмий дүкөндөрүнөн BAKAI тиркемесин жүктөп алган жана аралыктан идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн, BAKAI мобилдик тиркемесинде (мындан ары – BAKAI) же Банктын бөлүмдөрүндө тиркемени жүктөп алган жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн жеке адам.
2.4. Тиркемелердин расмий дүкөндөрү - Android жана iOS платформаларындагы түзүлүштөр үчүн мобилдик тиркемелердин санариптик дүкөндөрү (Google Play, AppGallery и App Store).
2.5. BakAi —бул Кардарга банктык эсептердеги акча каражаттарын мобилдик түзүлүш жана/же Интернет глобалдык компьютердик тармагы аркылуу башкаруу боюнча банктык кызматтарды сунуштоо үчүн арналган программалык-техникалык каражаттар жана уюштуруучулук иш-чаралар системасы.
2.6. BAKAIдагы тапшырмалар – бул BakAi колдонуучусу Белектерди алуу максатында аткаруусу талап кылынган конкреттүү аракеттер же иш-чаралар.
2.7. Белек – акчалай сыйлык, IPhone 15 и электромашина камтылган виртуалдык белек куту
2.8. Прогресс-бар — BakAi колдонуучусу тарабынан тапшырмалардын аткарылыш процессин көрсөтүүчү индикатор.

3. БАЙГЕЛИК ФОНД

3.1. Акциянын байгелик фонду Уюштуруучунун эсебинен түзүлөт жана төмөнкү Белектерди камтыйт:
· 2024-жылы чыгарылган BYD YUAN электрокары 1 (бир) бирдик.
· iPhone 15 - 9 (тогуз) бирдик.
· 10 (он) сом өлчөмундөгү акчлай сыйлык.
· 5 (беш) сом өлчөмундөгү акчлай сыйлык.
3.2. 5 (беш) жана 10 (он) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар кепилденген болуп саналат жана Акциянын байгелик фонду 3.4. пунктунда көрсөтүлгөндөй түгөнүп калбаса, алардын саны чектелбейт.
3.3. iPhone 15 телефонун бир жолу утуп алган катышуучу акция жүргүзүлгөн мезгил ичиндеги кийнки iPhone 15 телефондорун ойнотууларга катыша албайт. Мындай чектөө көп катышуучуларда утуп алуу мүмкүндүгү болуусу үчүн киригизилген. Ошол эле учурда iPhone 15 телефонун утуп алган катышуучу BYD YUAN 2024 электрокары ойнотулган утушка катыша алат.
3.4. Акцияны өткөрүүнүн жалпы мөөнөтү аяктаганга чейин Акциянын байгелик фонду түгөнүп калса, Катышуучуларга Акция мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгы тууралуу Банктын расмий маалымат каналдары аркылуу билдирилет. Мындай учурда Акция аяктагандыгы тууралуу жарыялангандан кийин Акциянын шарттарын аткарышкан Катышуучулар жеңүүчү деп табылбайт.
3.5. Акцияны өткөрүү мезгили аяктагандан кийин Акциянын байгелик фонду түгөнбөгөн болсо, калып калган Белектерди Акциянын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүү караштырылган эмес.

4. АКЦИЯГА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ

4.1. BakAi тиркемесинин колдонуучусу Акцияга катышуу үчүн акция жүргүзүлүп жаткан мезгил ичинде төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:
· BakAi колдонуучусу болуу.
· Банктын Visa, ЭЛКАРТ төлөм карттарынын ээси болуу.
· BakAi колдонуучусуна башкы терезедеги авторизация аймагында Акцияга катышуу үчүн pop-up баннер жеткиликтүү, аны басуу менен ал катышууга макулдугун берет.
4.2. Катышуучу Белектерди алуу үчүн төмөнкү этаптан өтүп, тапшырмаларды аткаруусу керек:
BakAi тиркемесинин жаңы колдонуучулары (2024-жылдын 26-апрелинде рефералдык акция башталган учурдан баштап катталгандар) үчүн тапшырмалардын 1-этабы:

BakAi тиркемесинин мурдакы колдонуучулары (рефералдык акция башталган учурга чейин катталгандар) үчүн тапшырмалардын 1-этабы:
BakAi тиркемесинин жаңы колдонуучулары (2024-жылдын 26-апрелинде рефералдык акция башталган учурдан баштап катталгандар) үчүн тапшырмалардын 2-этабы:


[1] Топтомо – Колдонуучулар ар кандай мезгилде жүргүзүшкөн бардык төлөмдөр шарттарды аткаруу үчүн бир төлөмгө аккумуляцияланат. Ошону менен бирге топтомо механикасы бар тапшырмаларды аткарууда бардык Катышуучуларга тапшырманын прогресс-барында байкоо жүргүзүү жеткиликтүү болот.
[2] Чакырылган колдонуучулар BakAiдагы сиздин уникалдуу шилтемеңиз боюнча каттоодон өтүүлөрү керек.
BakAi тиркемесинин мурдакы колдонуучулары (рефералдык акция башталган учурга чейин катталгандар) үчүн тапшырмалардын 2-этабы:
BakAi тиркемесинин жаңы колдонуучулары (2024-жылдын 26-апрелинде рефералдык акция башталган учурдан баштап катталгандар) үчүн тапшырмалардын 3-этабы:

[3] Чакырылган колдонуучулар BakAiдагы сиздин уникалдуу шилтемеңиз боюнча каттоодон өтүүлөрү керек.
[4] Чакырылган колдонуучулар BakAiдагы сиздин уникалдуу шилтемеңиз боюнча каттоодон өтүүлөрү керек.
4.3. 1-этаптын 4.2. пунктундагы тапшырмаларды жаңы колдонуучулар аткарышкандан кийин аларга 2-этаптын 4.2. пунктундагы тапшырмалар берилет. Колдонуучулар 2-этаптын тапшырмаларын аткаргандан кийин 3- этаптын тапшырмалары берилет.
4.4. 4.2.пункттагы 1-этаптын бардык тапшырмалары аткарылып бүткөндөн кийин мурдакы колдонуучулар үчүн тапшырмалар 4.2. пункттун 2-этабындагы тапшырмалар менен алмашылат.
4.5. BakAi тиркемесинин мурдакы колдонуучулары үчүн тапшырмалардын 2-этабы жана жаңы колдонуучулар үчүн тапшырмалардын 3-этабы финалдык болуп саналат. Эгерде колдонуучу 3-этаптын бардык тапшырмаларын аткарган болсо, тапшырмалар Акция аяктаганга чейин сакталат. Мунун өзү бардык колдонуучуларга Акцияга катышууну улантууга мүмкүндүк берет.
4.6. BakAiдагы Акциянын ар бир катышуучусу башкы баракчадагы блоктон тапшырмалардын статустарын көрө алышат.
4.6.1. Эгерде Катышуучу тапшырмаларды ийгиликтүү аткрса, башкы беттеги Белекти ачуу жана алуу баскычы жеткиликтүү болуп калат.
4.6.2. Эгерде Катышуучу тапшырманы аткаруу процессинде болсо – прогресс барды көрүү үчүн блок жеткиликтүү болот.
4.6.3. Жогоруда келтирилген блоктордон тышкары, Акциянын катышуучусуна BakAi тиркемесиндеги аткарыла элек башка тапшырмаларды көрүү дагы жеткиликтүү.
4.6.4. Акциянын Катышуучусуна 4.2. пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды өзү каалагандай иретте аткарууга уруксат берилет.

5. АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫКТАРДЫ ЖАНА БЕЛЕКТЕРДИ АЛУУНУН ТАРТИБИ
5.1. Акциянын Акчалай сыйлыкка/Белекке ээ болгон катышуучусуна, ал жеңүүчү деп аныкталгандан кийин 1 (бир) календардык күндүн ичинде саат 9:00дөн20:гө чейин ага BakAi тиркемеси аркылуу белектин аталышы көрсөтүлбөстөн утушка ээ болгондугу жөнүндө маалыматты камтыган push-билдирүү жөнөтүлөт.
5.2. 5 (беш) жана/же 10 (он) сом өлчөмүндөгү утушка ээ болгон учурда сумма жеңүүчүнүн BakAiдагы банктык эсебине которулат.
5.3. Акцянын Катышуучусу акчалай сыйлыкты BakAiдын төлөмдөрүнө, кызматтарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кайсы болбосун максаттарга жумшай алат.
5.4. Катышуучулардын алган утуштарына (акча каражаттарына) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 191-беренесинин 9-пукнтуна ылайык салык алынбайт.
5.5. IPhone15 жана/же электромашина өңдүү утушка ээ болгон учурда push-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин Уюштуруучу жеңген Катышуучуга чалат.
5.6. Жеңүүчү алачкы чалууларга жооп бербесе, ага биринчи чалуу жүргүзүлгөндөн кийин 3 (үч) календардык күндүн ичинде 3 (үчтөн) кем эмес чалуу жүргүзүлөт. Абоненттик номер боюнча Жеңүүчүнүн жеткиликтүү эмес болуусу (жеңүүчүнүн мобилдик телефонунун өчүк болуусу, тармак тейлеген аймактан тышкары болуусу) Уютуруучу тарабынан кошумча чалуу жүргүзүлүшү үчүн негиз болбойт.
5.7. Акция жүргүзүлгөн бүтүндөй мезгил ичинде жана Акциянын жыйынтыгы чыгарылган учурдан баштап 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен Уюштуруучу жеңүүчүлөрдү Банктын Расмий Сайтына жарыялайт, кардарлардын толук маалыматтары көрсөтүлбөйт.
5.8. Акциянын алкагында Жеңүүчү деп табылган Катышуучу Белекти алуу үчүн Уюштуруучуга төмөнкү документтердин түп нускаларын көрсөтүшү керек:
· ЖеңүүчүнүнПаспорту же ID карты;
5.9. Банк Жеүүчүлөргө Белектерди берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте салыктарды (ошону менен бирге жеке адамдардын Белектин наркынын суммасынан алынчу кирешелерине карата салык дагы).
5.10. Жеңүүчү Белекти алууда Жеңүүчүнүн жеке маалыматтары, белек КНСти кошо алгандагы анын наркы жөнүндө толук маалымат көрсөтүлгөн бардык документтерге кол коюуга милдеттүү.
5.11. Белек Жеңүүчүгө бардык тийиштүү документтерге кол койгондон кийин берилет.

6. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
6.1. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
· Ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө Акция тууралуу маалыматтарды алууга;
· Уюштуруучудан Акция тууралуу маалыматтарды алууга;
· Ушул Эрежелерге ылайык, утуштарды алууга.
6.2. Акцияга катышуу Катышуучунун ушул Эрежелер менен таанышып чыккандыгын жана аны менен толук макул экендигин билдирет.
6.3. Ушул Эрежелерди сактоого, ошону менен бирге Акцияга катышууга байланыштуу болгон бардык аракеттерди ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө аткарууга.

7. БАНКТЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
7.1. Банк Акцияны өткөрүүгө, ошондой эле Катышуучуларга ушул Эрежелерге ылайык утуштарды берүүгө милдеттүү.
7.2. Банк Акциянын эрежелерине кайсы убакта болбосун өзү каалаганда өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Акциянын узартылышы, токотулушу же Акциянын Эрежелерине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндөгү маалыматтарды Банктын Сайтына жана расмий маалыматтык каналдарына жайгаштырат. Акциянын шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалымат Сайтка жайгаштырылат жана жайгаштырылган учурдан баштап 10 жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7.3. Ушул Эрежелерде каралган учурда, Катышуучулардын, Жеңүүчүлөрдүн маалыматтарын толтуруу үчүн керек болгон маалыматтарды жана документтерди Катышуучулардын сурам кылууга.
7.4. Акциянын жеңүүчүлөрү Белекти алууга келбесе, же кандай болбосун себептер менен аны алуудан баш тартышса, Акциянын Белектерин Акциянын Жеңүүчүлөрүнүн жалпы санына барабар болгондой азайтууга. Ошол эле учурда тапшырылбай калган Белектер Акция аяктагандан кийин берилбейт жана Уюштуруучу аларды өзү каалагандай пайдаланат.
7.5. Төмөнкү учурларда Банк Жеңүүчүгө Белекти бербей коюуга укуктуу:
· Жеңүүчү утуш жарыяланган күндөн баштап 10 (он) календардык күндүн ичинде Банкка кайрылбаса;
· Жеңүүчү утуш жарыяланган күндөн баштап 10 (он) календардык күндүн ичинде ушул Эрежелердин 5.8. пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе, же берилген документтер ушул Эрежелердин жана/эже Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына жооп бербесе;
· Утуш жарыяланган күндөн баштап 10 (он) календардык күндүн ичинде Жеңүүчүгө Белекти алуу тууралуу билдирүү мүмкүн эмес болсо – Жеңүүчүнүн номери тосмолонгон жана/же тейлөө аймагынан тышкары болсо, же Компаниядан көз каранды эмес болгон себептер боюнча Жеңүүчү телефонду албаса жана/же байланышка чыкпаса;
· Акциянын Катышуучусу же Жеңүүчүсү Акциянын шарттарын бузган учурлар аныкталса.
· Жеңүүчү утушка карата өз укуктарын башка адамга өткөрүп берүүгө укугу жок.
· Катышуучу Белекти алуу максатында алдамчылык аракеттерге баргандыгы жөнүндө шектенүүлөр орун алса.


8. ЭСКЕРТҮҮЛӨР
8.1. Жеңүүчүлөр кандай болбосун себептер менен белектерди алууга келбеген учурда ал Белектер Банкттын менчигинде калат. Ошондой эле ал Белектердиойнотуу башка Акцияларда жүргүзүлөт. Ал Акцияларга катышууга башка эрежелер жана шарттар белгиленет.
8.2. Жеңүүчү ушул Эрежелерде каралган бардык талаптарды жана шарттарды аткарбаган учурда Банк Жеңүүчүгө Белек берүүдөн баш тартууга укуктуу.
8.3. Банк төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
· Банктын Расмий Сайтында жайгашкан Жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен таанышууга Катышуучулардын мүмкүнчүлүгү жок болгондугу үчүн;
· Белектердиалуу үчүн керектүү болгон документтер/маалыматтар Катышуучулардын күнөөсү боюнча же Катышуучулардын жана/же Банктын эркинен көз карандысыз болгон башка себептер боюнча берилбегендиги/өз учурунда берилбегендиги үчүн;
· Катышуучулар ушул Эрежелерде каралган талаптарды аткарышпагандыгы (өз учурунда аткарбагандыгы) үчүн;
· Белектерди Жеңүүчүлөр алууга келбеген же алуудан баш тарткан учурларда Белектердин алынбай калгандыгы үчүн;
· Үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча жана/же каршы тура алгыс кырдаалдарыдн (форс-мажор) кесепетинен Жеңүүчүгө Белектердри тапшыруу боюнча өз милдеттерин аткара албай калгандыгы үчүн.
· Акциянын Катышуучусу каттоо учурунда көрсөткөн маалыматтардын тууралгы, аныктыгы үчүн, ошондой эле туура эмес көрсөткөндүгүнө байланыштуу Катышуучудан алынган маалыматтарды Акциянын максаттарына, Белектерди тапшыруу үчүн колдонууга мүмкүн болбогондугу үчүн, ошондой эле Уюштуруучудан көз каранды болбогон башка себептер үчүн.
· Жеңүүчүнүн Белекти күтүп калгандыгы үчүн
8.4. Катышуучу Акцияга катышуу менен төмөнкүлөрдү тастыктайт:
· ушул Эрежелер менен толук таанышып чыккандыгын жана аны менен макул экендигин;
· Фото жана видео тартууларга катышууга, ошондой эле Жеңүүчүнүн сүрөтүнүн Банктын Расмий Сайты аркылуу социалдык тармактарга жарыяланышына макул экендигин;
· Өзүнүн жеке маалыматтарынын Банк тарабынан топтолушуна, иштелилишине жана сактарылшына макул экендигин.
. Белекте кемчиликтер же завод тарабынан кетирилген бузуктар орун алса, Жеңүүчү Белек тапшырылганжана Жеңүүчү кабыл алуу-өткөрүү актысына кол койгон күндөн баштап 10 (он) жумуш күндүн ичинде Компаниянын башкы кеңсесине кайрылышы керек. Белек Жеңүүчүгө тапшырылгандан кийин Жеңүүчү Белекти колдонуу жана сактоо боюнча эрежелерди сактабаган учурда, үчүнчү жактардын аракеттери үчүн, ошондой эле каршы тура алгыс кырдаалдар (форс-мажор) жаралган учурда компания Белекте орун алган кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт.